Menu

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери: “Депутат сүйлөгөн сөзү үчүн куугунтукка алынбашы шарт”

Бөлүшүү:

– Бакыт Эргешович, КСДП оппозицияга кеткенин жарыя кылды. Кандай дейсиз, эми фракция да башкаруучу коалициядан чыгышы керекпи?

– Мыйзамда андай жок. Партия «биз бийликке каршыбыз» деп, бирок фракция ага баш ийбесе, ал «сөзсүз түрдө партияга баш ийиши керек» деп жазылган эмес. Биз бүгүнкү күндө байкап атабыз, КСДПнын ичи эки ажырым болуп калды. Фракция партиянын чечимине макул эмес окшойт. Негизи коалиция партиядан эмес, фракциядан түзүлөт. Биз келечекте парламенттик системаны өркүндөтүүнү ойлосок, анда мыйзамды өзгөртүп, партия менен фракциянын байланышын бекемдеп коюубуз керек.

– Бир партиянын лидери катары кандай ойлойсуз, партия бир жээкте, фракция экинчи жээкте болгону логикалык жактан туурабы?

– Менимче, КСДП фракциясы бир чечимге келиши керек. Парламенттин ичиндеги саясый күчкө айланууга тийиш.

– Сиздин пикириңиз боюнча азыр Жогорку соттун төрайымы тарабынан депутаттардын «оозун жабууга» аракеттер болуп жатыптыр, ошондойбу?

– Депутат Рыскелди Момбеков эл менен жолугушканда соттун айрым чечимдерине карата өз пикирин айткан. Жогору соттун төрайымы болсо, «анын сүйлөгөн сөзүнө баа бергиле» деп УКМКга кат жазып атат. Конституциянын 72-беренесинде депутат сүйлөгөн сөзү, айткан сын пикири үчүн куугунтукка алынбай турганы жазылган. Конституция эң башкы мыйзам да. Биз ошону сакташыбыз керек.

– Бирок, Жогорку соттун төрайымы өз укугун коргоп кайрылганга акысы бар да?

– Эгер сотко кайрылса, анда бир башка маселе эле. Ал сотко эмес, УКМКга кайрылганын мен коркутуу катары эсептейм.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: