Menu

Аскаровдун жубайы президентке кайрылды

Бөлүшүү:

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Почта аркылуу жөнөткөн катында Аскарова күйөөсү күнөөсүз камалып олтурганын билдирген. Ал Аскаров жана аны менен кошо соттолгон жети кишинин ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган.

Хадича Аскарова июнь окуясындагы башаламандыктар учурунда Ош облусун жетектеген киши катары Сооронбай Жээнбеков бул окуяны жакшы түшүнөрүн, калаба боюнча күнөөсүз адамдар жазага тартылып кеткенин билеринен үмүтү бар экенин айткан. Хадича Аскарова ошондой эле мүмкүн болсо жолдошу Азимжан Аскаровго мунапыс беришин мамлекет башчыдан өтүнгөн.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров “Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган” деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын мүлкү сот тарабынан камакка алынган. Турак жайы энесинен калган мурас экени айтылып, 2017-жылдын 5-сентябрында Базар-Коргон райондук соту “үйдү конфискацияласа болбойт” деп чечкен. Эл аралык коомчулук Азимжан Аскаров куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: