КР эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына байланыштуу салтанатка Президент Сооронбай Жээнбеков, спикер Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, о.э. эл өкүлдөрү, бир катар жетекчилер, ардагерлер жана коноктор болмокчу. Адаттагыдай Ала-Too аянтында мамлекет башчы сөз сүйлөйт. Мындан сырткары, мурдагы өлкө башчылары Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев да чакырылганын президенттик аппарат кабарлады. Биздин өздүк булагыбыз билдиргендей, бул салтанатка Атамбаев келүүдөн баш тартканы, ал душмандары менен бир катарда турууну каалабай турганын эшиттик. Эмне үчүн Ала-Too аянтындагы майрамга келүүнү туура көрбөйт? Себептери өтө көп. Буга чейин Жээнбеков менен Атамбаев карама-каршы көз карашта болушканы, асыресе, урушуп кетишкени жашыруун эмес. Бет карашпай калышкан. КСДП бийликтин жүргүзүп аткан саясатына кескин түрдө сын-пикирлерди жарыялап, элдешкис оппозициялык нукка түшүп алганы ырас. Ошого катар Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов ж.б. КСДПнын лөктөрү түрмөдө жатышса, Атамбаев кантип аянттагы эгемендик майрамын бийлик өкүлдөрү менен өткөрөт? Моралдык кодекс жол бербейтда, туурабы?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ