Menu

Роскомнадзор Telegram мессенджерин жабууну талап кылууда

Бөлүшүү:

Роскомнадзор соттон токтоосуз түрдө Telegram мессенджерине бөгөт коюуну сурады. “Интерфакс” агенттиги билдиргендей, доо арыз 13-апрелде каралат.

Өткөн дүйшөмбүдө Роскомнадзор соттун чечими чыкканга чейин мекеме мессенджерди жаппай турганын билдирген.

Буга чейин Роскомнадзор Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) суроосу боюнча Telegram мессенджерин жабуу талабы менен сотко кайрылган. Мекеме мессенджердин жетекчилигине кайрылып, колдонуучулардын кат алышууларын чечмелөө ачкычын ФСБга берүүнү талап кылган.

Telegram жетекчилиги кат алышуу сырын кепилдендирген Орусия Конституциясына таянуу менен талапты аткаруудан баш тартууда. Мындан тышкары компания бул техникалык жактан мүмкүн эмес экенин белгилөөдө.

Telegram мессенджерин жабуу опузаларына байланыштуу орусиялык журналисттер Олег Кашин жана Александр Плющев Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Бул тууралуу “Ведомости” билдирди.

Журналисттер интернет-кат алышууну көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам алардын жеке жашоого болгон укугун бузат, эркин пикир билдирүүгө доо кетет деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: