Menu

Парламенттин Тынычбек Акматбаевге ыйгарган “эрдик” медалы эмнеге берилбейт?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Дастан Артисбекович!

Чолпон-Ата шаарында туруктуу жашаган 9 атанын он башыларынын (чогулткан эсеби 700дөн ашуун) жана калаа тургундарынын атынан шаарыбыздагы Совет көчөсүн бейиши болгур, маркум, кыргыздын патриот жигити Рысбек Абдымалик уулунун атына ыйгарып берүүңүздөрдү жалпы кыргыз парламентиндеги эл өкүлдөрүнөн жана төрага катары сизден суранабыз. Шаарыбыздагы биздей жалпы элдин жогорудагы суранычын Чолпон-Ата калаасындагы жергиликтүү жетекчилерге сунуштасак, «көчөлөргө ысым берүүгө мораторий жарыяланган, шаардын борбордук Совет көчөсүнө Рысбек Акматбаевдин ысымын берүүгө болбойт» деген жоопторун беришүүдө. Жергиликтүү жетекчилердин мындай жоопторунан кийин бир өзүңүзгө кайрылууга туура келди.

Урматтуу Дастан Артисбекович!

Кыргыздын белдүү жигити Рысбек Акматбаев өз кезегинде жалпы Ысык-Көл аймагы, анын ичинде Чолпон-Ата калаасы үчүн колунан келишинче зор иштерди аркалаган. Тарыхтагы өзгөчө издери бар Чолпон ата олуя менен Эр Табылды бабабыздын күмбөздөрүн салдырып, Ысык-Көлдөгү бир катар мектеп менен мечиттерге жардам көрсөтүп, келечек муундун татыктуу билим алуусуна зор көңүл бөлгөн. Рысбек Акматбаевдин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаттыгына биздин өрөндөн шайланган Тынычбек Акматбаев да иш үстүндө ырайымсыз душмандар тарабынан окко учуп, каза болгон. Тынычбек Акматбаевдин көзү өткөн соң кесиптештери, Жогорку Кеңештин ошол кездеги чакырылышьшын депутаттары Бишкек шаарындагы М.Горький көчөсүнө анын ысымын беребиз дешкен. Алтургай көзү өткөн кесиптешине парламенттин ошол кездеги төрагасы Марат Султанов «Тынычбек Акматбаевге «Эрдик» медалын беребиз» деген. Керек болсо Жогорку Кеңештин бул боюнча чечими да бар.

Урматтуу төрага!

Өз кезегинде ырайымсыз кылмышкерлер тарабынан окко учкан Жогорку Кеңештин 3-чакырьшышынын депутаты Тынычбек Акматбаевге парламенттин чечими менен «Эрдик» медалын ыйгаруу жарлыгы ишке ашкан жок. Бишкек шаарындагы М.Горький атындагы көчөгө ысымын берүү да аткарылбады. Буга чейинки президенттердин баарысы бул ишке каршы болушту. Кылмышкерлер тарабынан окко учушкан кыргыздын белдүү жигиттери болгон бир тууган Рысбек, Тынычбек Акматбаевдердин ысымдарын көчөгө берүүгө байланышкан жогорудагы ишти өз көзөмөлүңузгө алып, карапайым элдин суранычынын аткарылышына терага катары жардам бересиз деген ишеничтебиз.

Сизди урматтоо менен Ысык-Көл облусунун жана Чолпон-Ата шаарынын тургундары

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: