Акыйкатчы Кубат Оторбаев камактагы Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча президентке жасаган кайрылуусуна саясатчы макул эмес экенин, ал өзүнө козголгон кылмыш ишин жаңы жагдайлар менен кайра башынан кароону талап кылаарын маалым кылды. Бул жоругу менен «ынсапсызга кашык сунсаң беш ууртайт» дегенди далилдеп, Оторбаевдин жан тартканын четке кагууда. Мындайды «мышык майга жетпей сасык» дешет эмеспи. Кайсы арына акмын деп актанат? Сооронбай Жээнбековго жалдырап өтүнгөндөн уялбайбы? Кечээ эле парламентте отурганда өкмөт башчысы болуп турган Жээнбековго сөөмөй кезеп, «колуңдан эч нерсе келбейт, иштей албайсың» дегенди айтып, кагып-силккенин унутуп калдыбы? Кырдаалга жараша түсүн кубулта береби? Эгер президенттик шайлоодо камакта болбогондо Жээнбековго карты иштеп, ач-кыйкырык салып турмак. Бул нерсени президент түшүнбөйт деп ойлойт окшойт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ