Menu

Кадыров Чеченстандын башчысын “алмаштырууга мезгил жетти” деп эсептейт

Бөлүшүү:

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров «Россия 1» каналынын «Действующие лица» программасына берген маегинде отставкага кетүүсүнө мезгил жетти деп эсептей турганын билдирди.

«Бул менин кыялым десем да болот. Аймактын жетекчиси катары эл үчүн, республика үчүн Жаранткандын алдында, мамлекет башчысынын алдында, калктын алдында жоопкерчилик алуу – бул өтө оор. Себеби ар бир ката үчүн бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жооп бересиң», – деди Кадыров.

«Андыктан чарчаганыман кызмат кылгым келбейт деп айта албайм. Убакыт келди деп эсептейм. Убагында согуша турган, тартипти калыбына келтире турган мен сыяктуу адамдар керек болгон. Азыр коомдо, Орусияда тартип, түшүнүү, сый бар. Мен Чечен Русубликасында да өзгөрүүлөрдү жасоого убакыт жетти деп эсептейм», – деп белгиледи ал.

Кадыров бийликти мураскерге өткөрүп берүү – элдин жана мамлекет башчынын маселеси экенин билдирди.

Ал саясаттан кеткенден кийин эмне иш менен алектенерин ачыктаган жок. Кадыров 2016-жылы эле ыйгарым укуктары бүтүп баратканына байланыштуу отставкага кетүүнү каалап жатканын айткан. Ал Чечен Республикасын 2007-жылдан бери жетектейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: