Menu

Клара Сооронкулова: “COVID-19 вирусу менен күрөшүүнүн ордуна жаңы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулап отурабыз”

Бөлүшүү:

“Бул жерде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Бул жерде жаңы Баш мыйзам жөнүндө сөз болуп жатат. Жаңы Баш мыйзам качан кирет? Эгерде коомдук мамилер, тарыхы ушунчалык өзгөрүп, анда Баш мыйзам “тормоз” болуп жатса, “бизге жаңы Конституция” керек деп, коом консенсуска келип, Конституцияны кабыл алат. Азыркы болуп жаткан көрүнүш – конституциялык төңкөрүш” – деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумунун жыйынында.

Ал бир дагы мыйзамда жаңы Конституцияны кабыл алуу тартиби көрсөтүлгөн эместигин белгиледи.

“Кечээ Садыр Жапаров “мүчүлүштүк кеткен, көрсөтүлбөй калган” деп айтты. Туура. Көрсөтүлбөй калгандан кийин процедуралардын баарын бузуп, өзүмбилемдик кылып, депутаттарды мажбурлап жаңы Конституцияны кабыл алууга кимдин укугу бар?” – деп суроо салды ал.

“Эгерде жаңы Конституцияга чындап эле муктаждык болсо, анда ошону бизге идея кылып көрсөтүп берсин. Алгач концепциясы болуш керек, ошонун негизинде долбоор иштелип чыгышы керек. Концепция боюнча консенсуска келишибиз керек. Андан кийин долбоорду кеңири талкуулап, кабыл алышыбыз керек. Бирок, ошондой процесттерди жүргүзүүгө азыр шарт барбы? COVID-19 вирусу менен күрөшүүнүн ордуна биз жаңы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулап отурабыз” – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: