Menu

Жалал-Абад милициясы: Жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкасаңыз тез милицияга, 102 номуруна кабарлаңыз

Бөлүшүү:

Урматтуу жарандар,  үй-бүлөлүк замбулукка каршы бирге күрөшөлү! Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бир гана милициянын милдети деген жаңылыштык. Эгерде, жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милиция кызматкерлерине 102 номуруна же аймактык ички иштер органдарына кабарлооңуздарды  суранабыз. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Милиция менен жалпы журт, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшүп, анын оор кесепеттерин алдын алышыбыз керек. Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө.

Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, милицияга кабарлаган учурда гана күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлсө, көп учурда жакындары, жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө. Зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлө куруу жоопкерчилигин түшүнбөй, үстүмдүк кылып, зомбулук көрсөтүүдөн үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө.

Үй-бүлөлүн бузулушунун кесепетинен  “Баштаган бирөө, жабырын тарткан көпчүлүк” болуп, ошол үйдөгү балдардын дагы моралдык жактан, психологиялык жактан жабыр тартышы баарыбызга белгилүү.

Келечек муун үчүн жаштарга туура тарбия берип, үй-бүлөлүк балуулуктарды, жоопкерчилик алууну, бири-бирине сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтөлү. Бекем үй-бүлө-күчтүү мамлекет!

Эгерде, жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милиция кызматкерлерине 102 номуруна же аймактык ички иштер органдарына кабарлооңуздарды  суранабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: