Эртең, 11-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: 0…-5, күндүз +7… +12
Таласта түнкүсүн: -1…-6, күндүз: +6…+11
Баткенде түнкүсүн: 0… +5, күндүз: +8…+13
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: 0…+5, күндүз +8…+13
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: +3…+8
Нарында түнкүсүн: -5…-10, күндүз: +4…+9
Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз: +10…+12
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ