Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин комитети “Салыксыз кирешеден төлөм өндүрүү тармагындагы КРнын мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат. Маалыматты каржы министринин орун басары Алмаз Азимов берди. Анда айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш калдыктары, жаныбарлар дүйнөсү, өсүмдүктөрдү сактоо, мергенчилик жөнүндө мыйзамдарда табияттын тазалыгын сактоо, жаратышлышты коргооого алынган төлөмдөр жөнүндө сөз болду.
Мындан “Жайлоолор жөнүндө” кодекстин 30 главасында каралган жайлоолорду пайдаланууга салынган төлөмдөрдү мөөнөтүнө, төлөм көлөмүнө өзгөртүү киргизүү зарыл болуптур. Ошондо депутат Алмаз Акматов (“Бир бол”) жайлоолордон бүтжетке түшкөн каражаттардын көлөмүн сурады. А.Азимов болжол менен 130 млн сом түшөөрүн айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ