Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 26-июндагы токтомуна ылайык, учурдагы дүйнө чемпиону ай сайын 20 миң сомдон алат.
Чоңдор арасындагы Олимпиадалык спорттун бардык түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору өмүр бою стипендия алышат. Учурда Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова Олимпиадалык спорттун түрү боюнча чоңдор арасындагы жалгыз дүйнө чемпиону. 2019-жылы Нур-Султан шаарында (Казакстан) күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетип, Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо алган.
Өмүр бою стипендияны Тыныбекова учурдагы жетишкендиктери үчүн стипендия алгандан кийин ала баштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ