Республиканын стационарларында 276 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, 12 бейтап оор абалда, анын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. 44 бейтап орточо оор абалда, ал эми канаттандырарлык абалдагы бейтаптардын саны 220ны түзөт.
Белгилей кетсек, республика боюнча 746 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Алардын ичинен 462си айыгып, ооруканадан чыгарылган. Сегиз жаран оорудан улам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ