Menu

Подполковник Күнболот Касмалиевдин сырдуу өлүмү

Бөлүшүү:

9-январдын түнү милициянын подполковниги, Нарын облустук ИИББсинин улук опери Касымалиев Күнболотту өлтүрүп кетишкени маалым болду. Ал 37 жашта болчу. Анын сөөгү Кант шаарында табылган. Ал эми айдап жүргөн машинасы «Дордой» базарынын аймагынан табылды. Бул тууралуу маалыматты маркумдун жакындары билдиришти. Маркумду 9-январдын түнүндө Бишкектеги бир тууган эгиз түгөйү Нурболоттун үйүнөн тааныштары чакырып кетишкен. Ал Нарындан Бишкекке 8-январь күнү баласын ооруканага көрсөтүү үчүн келген.

Учурда Касымалиевди өлтүрүүгө шектүү катары милицияда мурун иштеп кетишкен эки адам жана ХО үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалып, сурак берип жатышат. Айрым маалыматтар боюнча кармалгандардын бири мурун түрмөгө олтуруп чыккандыгы айтылууда.

Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт айлампа жолунун 16-чакырымында автоунаа жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:00 чамасында ХО үлгүсүндөгү автоунаанын белгисиз айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен.
Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.

Маркум 1998-жылы Нарын шаарындагы Киров атындагы №3-орто мектепти аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин академиясына тапшырып, аталган окуу жайды 2004-жылы бүтүргөн. Ал эми 2004-жылдын август айынан тартып 2011-жылга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын шаардык, Нарын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчү жана ага тергөөчү кызматында, ал эми 2011-жылдан 2013-жылга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, ага тергөөчүсү, 2013-2014-жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2014-2016-жылдары Кочкор РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2016-2018-жылдары Жумгал РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болгон. Ал эми 2018-жылдын март айынан тартып Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү кызматында, 2018-жылдын октябрь айынан тартып азыркы күнгө чейин ушул эле бөлүмчөнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү кызматында кызмат өтөп келген. Белгилей кетсек, Касмалиевдин атасы, апасы, эки эжеси да милиция тармагында узак жылдар бою иштеп келишкен. Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбековичтин артында жубайы, 2 уулу, 1 кызы калды. Касмалиевдин сөөгү 13-январда Нарын районундагы Кеңеш айылына коюлду. Эл үчүн кызмат кылып кеткен, эл уулу Күнболот мырзанын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, жаны жаннатта болсун!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: