“Биз 2015-жылы башкаруучу коалиция түзүп жатканыбызда премьер-министр СДПКдан эмес болучу, ал компромистүү фигура (Темир Сариев) эле, ошондуктан Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагалыгын СДПКга бергенбиз. Быйыл премьер-министр да СДПКдан болуп калгандыктан биз ал комитеттин төрагалыгын “Өнүгүү” фракциясына берүүнү сүйлөшкөнбүз. Бирок, СДПК бербей койду, берип койсо болот болчу. Ансыз деле спикер да, премьер-министр да СДПКдан болуп жатат. Мен муну тактоо үчүн гана айтып жатам”, – деп билдирди бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ