Menu

Трамп: Түндүк Кореяга басым жасоого Орусия тоскоолдук кылууда

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп 25-октябрда Түндүк Кореяны өзөктүк куралынан ажыратууга Орусия тоскоолдук кылып, Кытай жардам берип жатканын билдирди. Fox Business Network басылмасына берген маегинде Трамп АКШнын Орусия менен мамилеси жакшы болгондо, Түндүк Кореянын өзөктүк көйгөйүн чечүүгө кыйла оңой болмоктугун белгиледи.

«Кытай бизге жардам берип жатат, Орусия болсо башка жол менен кетип, зыян келтирүүдө», — деди Трамп.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралдары менен ракеталарын сыноодон өткөрүшү жана Трамп менен Ким Чен Ындын ортосундагы айтышуулар Корей жарым аралыгындагы чыңалууну күчөттү.

Трамп Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууга жардам бериши үчүн Орусия менен Кытайга кысым көрсөтүүгө аракет кылган. Москва Пхеньян менен жакшы мамиледе. Кытай болсо Түндүк Кореянын ири соода өнөктөшү жана союздашы болуп эсептелет. Түндүк Корея соодасынын 90 пайыздан ашыгы Кытайга туура келет.

АКШ менен Орусиянын мамилеси Крымдын Орусия тараптан аннексияланышы, Москванын Сирия өкмөтүн колдоосу жана Орусиянын 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийгилишүүсүнө байланыштуу начарлап кеткен. Трамптын Фокс телеканалындагы айткандары анын Москва менен мамилени жакшыртуу боюнча шайлоо өнөктүгү маалында айткан убадаларына кайрадан коомчулуктун көңүлүн бурду. Трамп эгер АКШ менен Орусиянын мамилеси жакшы болгондо, Түндүк Кореяга байланышкан абалды жөнгө салуу оңоюраак болмоктугун билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: