Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевге оңтойсуз суроолор?..

Бөлүшүү:

– Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сиздин премьер-министр болуп келгениңизге саналуу эле убакыт болду. Сапар Исаковдун иштен алынышы багымды ачты деп эсептейсизби? Исаковдун иштен алынышындагы интригалардын башында тургандардын бири сиз экениңиз кеп болуп келет. Ушул чынбы? Эгер чын болсо, премьер-министрлик орун ыңгайлуу эле сезилип жатабы? Өкмөт башчысы болоордо бир түндө өлкөнү өнүктүрүп жибере турган программа жазып Жогорку Кеңешке көтөрүп келгениңизде далайдын оозу Ошту карады эле. Ошол бир түндө жазган программаңыздын канчасы ишке ашчудай? Бир-экөөсүн айтып бере аласызбы? Сизди жакшы билгендер жер карама, өзүнүн көз карашы жок, чечкинсиз катары сыпатташат. Сиз өзүңүздү кандай жетекчи элестетесиз? Кандай чечим болсун кабыл алаардан мурда президентти жана ага таасирдүү адамдарды карап кылчактап турат экенсиз? Исаковдун тагдырын кайталап калам деп чочулайсызбы? Салык кызматына өзүңүздүн көздөй кишиңиз Теңизбек Абжапаровду алып бардыңыз. Аныңыз эшектин тушоосун чече албай турганы буга дейре нечен ирет айтылган. Уят болуп калам деп ойлогон жоксузбу? Же сиз «акмак» болсо деле өз корооңуздан кочкор салгыңыз келеби? Бажы тармагындагы башаламандыкты, кыйсыпыр түшкөн дүрбөлөңдү кулагыңыз чалдыбы? Чалса, кандай чара көргөнү жатасыз? Сыр болбосо, ак же көк деп айтасаңыз? Бажы башчысы Алмаз Оңолбеков менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакир Таиров айтылуу Райымбек Матраимовдун кадрлары деп айтылып келет. Сиздин кабарыңыз барбы? Болсо, сиз кимдин буйругу менен жогорудагы экөөнү орчундуу кызматка дайындадыңыз?

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: