Таажывирусту жуктуруп алган Ноокат районунун тургунунун кызы түндө качып кетип, такси менен Чүй облусуна келген. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков онлайн-маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ал кызды түнү менен укук коргоо органдары издеп, анын жүргөн жерин аныктап, табышкан.
“Ал кыз таажывирусту жуктуруп алган адам менен түз байланышта болгон. Ал Чүйгө келип алып, бул жактагы туугандары менен да контакт болду. Ал кызды туугандары менен кошо алып келип, баары медициналык көзөмөлгө алынып, анын тегерегинде эпидемиологиялык изилдөө жүрүп жатат” – деди Төлө Исаков.
Муну менен бирге ал жарандардын жүрүүсүнө катуу чек коюш керектигин кошумчалады.
Булак: “KyrgyzToday.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ