Өкмөт алдындагы улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев кыш күрөөдө жооп алууга кызыкдар тараптардан жаа бою качып, айрыкча журналисттерди кыртышы сүйбөй, зирпилдеп турганы неси? Же бул балакай адамгерчиликти жыйыштырып, жетекчи катары элге туура мамиле кылганды билбейби? Бала туруп кыргызга кетпес кегиндей иш кылган Максим Бакиевдин кареги менен тең айланган эргул элге чыга албаса кандай болот? Жаш-карыга, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кыла албаса, мунун корстон болгонунун кимге кереги бар? Жетекчи деген ийилип, кичипейил болбойбу? Сыртта иш кычап, алыскы региондордогу электр чубалгылары үзүлүп, трансформаторлор тыңгылыктуу оңдоодон өтпөй жатса, ишенген Калиевиңер биякта корстон боло отурат. Сооронбай Жээнбеков мунун эсебин эртелеп таппаса болбойт го…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ