Жекшемби күнү Кыргызстанда “кезексиз” кезектеги Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтөт. Ошол эле 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо да болот.
Демилгечилердин пикиринде, бул жолку жараян мурдагылардан айырмаланып, Президенттин бийлигин күчөтүүнү көздөбөйт. Тескерисинче ЖКны күчөтүп, толук кандуу парламенттик республикага айланганга мүмкүнчүлүк берет. Каршы тараптын пикиринде болсо, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр, Премьер-министр менен Президенттин укуктарын кыйыр түрүндө күчөтүп, сот бийлигин Аппаратка көз каранды кылат.
Конституцияга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым укуктары, милдеттери, адамдардын укуктарына, эркиндиктерине байланышкан жалпысынан 26 өзгөртүү киргизилип жатат.
“Ынтымактын” “Чарпалек” программасы бул жолу Референдумду колдоочу топтун өкүлү Байболот Абытов жана каршы топтун өкүлү Рита Карасартоваларды чакырып талкуу курган. Кененирээк төмөнкү видеодон көрүңүздөр.
Булак: Ынтымак ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ