Menu

Атамбаевдин сөзүн сындап ыр жазган акын тергөөгө чакырылды

Бөлүшүү:

Бишкектин тургуну Темирлан Ормуков социалдык тармакка жарыялаган ыры үчүн тергөөгө чакырылды. Бул тууралуу Ормуковдун өзү билдирди.

Анын айтуусунда, Башкы прократура кызматкерлери ал жазган ырда аймактык кастык козутуучу жана президенттин аброюна шек келтирген саптар бар экенин түшүндүрүшкөн. Кылмыш иши козголо элек.

«Тергөөчүлөр менин ырыма филологиялык экспертиза дайындалганын айтышты. Алгач эксперттерге үч суроо коюлган. Биринчиси, ырдын мазмунунда президенттин аброюна шек келтирүү барбы? Экинчиси, жалган жалаа барбы? Үчүнчүсү, улут аралык, аймактар аралык кастык козутуу барбы? Азыр башкалары калып, аймактар аралык козутуу боюнча сап изилденип жатыптыр», – деди ал.

Маалыматтарга караганда, бул тергөө интернетке жарыяланган ырларга байланыштуу иликтенип жаткан алгачкы учур. Башкы прокуратура социалдык тармактардагы кастык козутуучу билдирүүлөр боюнча кийинки жумада кенен маалымат берилерин айтты.

Темирлан Ормуков сентябрда Фейсбукка чыгарган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ырында президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын жазылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: