Menu

Видео – Казакстанда поезд кыйрап, бир өспүрүм каза болду

Бөлүшүү:

Казакстандын түштүгүндө «Астана — Алматы» каттамы боюнча бараткан жүргүнчү ташыган поезддин бир нече вагону рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкө ИИМинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкуловго шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, кырсыктан бир өспүрүм каза болуп, дагы үч киши жаракат алды. Шу станциясына жакын жерде болгон аварияда сегиз вагон рельстен чыгып, үчөөсү оодарылып кеткени айтылууда.

Жаракат алгандар райондук ооруканага жеткирилишти. Калган жүргүнчүлөр Шу станциясына чейин Астана — Кызылордо каттамы боюнча бараткан поездге отургузулду.

Окуяны тергөө үчүн Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинин алдындагы транспорт комитети тарабынан атайын комиссия түзүлдү.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: