Menu

Улан Эгизбаев, “Азаттыктын” кабарчысы: Мени көрүстөн жетекчилери коркутуп-үркүтүп жатышат

Бөлүшүү:

Азаттыктын» кабарчысы, кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев коррупцияга малынган мамлекеттик мекемелердин, мамлекеттик ишти аркалаган жетекчилердин көмүскөдөгү иштерин ачыктап, элге алып чыгып келет. Жакында «Көрүстөндөгү коррупция» аттуу иликтөөсү да чоң резонанс жаратты.

-Улан, «Азаттыкта» жемкорлук боюнча иликтеп-жиликтеп көп маалыматтардын бетин ачып бердиң. Азыр өкмөттүн коррупция боюнча күрөшүнө канааттанып жатасыңбы? Корупция менен күрөштө кандай иш алып барса деген пикириң бар?

– Ар бир жаңы келген бийлик коррупцияга каршы кашык каны калганча күрөшөрүн айтып карганат. Буга чейинки президенттер сыяктуу эле Сооронбай Жээнбеков да ошондой күрөштү баштады. Ал шайлоо алдында 35 коррупционердин атын ачыкка чыгарып, аларды кустурарын айткан. Бирок ал убадасын аткара элек. Ал учурда ЖЭБ чуусунан дайын жок болчу. Демек, кийинки Исаков баш болуп камалгандар 35тин катарына кирбейт. Президент коррупцияга каршы аёосуз күрөшөм десе, эл алдында берген сөзүн аткарышы керек. Ошондо ишеним пайда болуп, калган ууруларга сабак болмок. Коррупцияга каршы күрөш эч качан тандалма болбошу керек. Андай болсо аягы жакшы бүтпөйт. Шадиев азыркы бийлик үчүн көлөкө түшүрөт. Анткени карап туруп качырып жиберишти.
Анын бизнеси эч нерсе болбогондой гүлдөп, «Ала-Арча» соода борбору иштеп жатат. Ал Шадиевдин аялына таандык. Биз муну да далилдеп бергенбиз. Шадиевден кийин тиешелүү органдарга болгон ишеним сөз жок азаят. Мыйзам алдында баары бирдей болгондо гана коррупцияга каршы күрөш майнап берет.

– «Шадиевдин качышына бүгүнкү бийликтин тиешеси бар, калкалап койду» деген кептер жүрүүдө, буга кошуласыңбы?

– Менимче, УКМКнын ичинде дале экс-президент Атамбаевдин таасиринен чыга албаган кызматкерлер болушу мүмкүн. Бирок, азыркы бийликтин макулдугу болбосо, Шадиев өз алдынча качып кете алмак эмес. Жогоруда белгилегендей, Шадиевдин качышы бүгүнкү бийликке көлөкө түшүрүп турат.

– Икрам Илмияновдон кандай кабарың бар? Икрамга окшогондордун жеп-ичкени эмне болот? Мындан ары кандай күн көрүшөт?

– Тиешелүү органдар изилдеш керек. Бизге жеткен маалымат боюнча АКШда болушу мүмкүн. Анткени эки кызы ошол жакта окуйт. Бул фактыны текшерүү зарыл. Анткени айдоочу болуп иштеп, кийин мамлекеттик кызматка келген адам балдарын АКШдан окутууга акчаны кайдан тапты? АКШда жеке мектептер канча акы аларын элдин баары билсе керек.

– Көрүстөндөгү коррупция боюнча иликтөөң да коомдук пикир жаратты. Бул берүүдөн кийин кандай жыйынтыктар бар?

– Көрүстөндөгү коррупция тууралуу иликтөөбүз Кыргызстанда чоң резонанс жаратты. Тиешелүү органдар териштире башташты. Депутаттар парламентте да көтөргөнү жатышат. Биз көр саткандардын жүзүн фактылар менен ачып көрсөттүк. Тийиштүү органдар күнөөлүүлөрдү мыйзамдарга ылайык жоопко тартышы керек. Көмүскө иштеринин бети ачылып, мени көрүстөн жетекчилери ушу күнгө чейин коркутуп-үркүтүп жатышат. Демек, бул жерде коррупциянын масштабы чоң.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: