Бүгүн, 14-январь күнү «Factcheck.kg» сайтынын башкы редактору Болот Темировду сабоого шектелген төрт жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаардык ИИБнин кызматкерлери 1993-жылкы Д.Б., 1992-жылы туулган Ж.Э., 1993-жылы туулган Б.А. жана 1992-жылкы О.А. аттуу жарандарды кармашкан. Шектүүлөрдүн бардыгы Жалал-Абад шаарынын тургундары.
Бүгүн, таңкы саат 7:00дө жогоруда аталган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар КРнын Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пункту, 3-бөлүгүнүн 3-пункту (талап-тоноо, алдын ала сүйлөшүү аркылуу топ менен кол салуу) негизинде кармалышкан.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, 9-январь күнү Болот Темировго белгисиз адамдар кол салып, ур-тепкиге алып, телефонун уурдап качып кетишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ