Менин соцтармактагы баракчамдан кайсы бир партияны жактаган, мактаган сүрөттөрдү же видеотасмаларды көрбөйсүздөр. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев билдирди.
“Ырчылар стабилдүү, принципиалдуу эмес деп айта бересиздер. Мен сиздерге айткым келет. Тескерисинче далилдегим келет. Ырчылар стабилдүү жана принципиалдуу. Мен чындыгында эле шайлоонун үгүт иштерине катышпайм. Ошондой эле, менин соцтармактагы баракчамдан кайсы бир партияны жактаган, мактаган сүрөттөрдү же видеотасмаларды көрбөйсүздөр жана жолуктурбайсыздар” – деди ырчы Кайрат Примбердиев.
Эскерте кетсек, Примбердиев буга чейин шайлоонун алдында концерттерде ырдап жүргөнүнө уялып жатканын айткан:
“Мен дагы буга чейин шайлоонун алдында концерттерде ырдап жүргөнүмө уялам жана кыргыз элинен кечирим сурайм. Эми шайлоонун шайтан оюндарына аралашпайм”,- деген ал.
https://www.instagram.com/p/CEtGZ9znapT/?igshid=s1i4x85l9n5a
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ