COVID-19 пандемиясынын кесепетинен жумушсуз калган жарандар жөлөк пул ала алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жумушка орноштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Асел Кемелова билдирди.
Маалыматка ылайык, жөлөк пулду алуу үчүн жашаган жери боюнча жумушка орноштуруу кызматтарына кайрылышы керек.
Анын айтымында, жөлөк пулдун көлөмү айына 900 сомду түзөт. Ал арыз берилген күндөн тартып алты айдын ичинде төлөнөт.
“Өтүнмө берилгенге чейин акыркы жылы өзгөчө кырдаал киргизилгенге чейин же жок дегенде үч ай бою Социалдык фондго чегерүүлөрү бар жумушсуздарга гана берилет”, – деди Асел Кемелова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ