Кечээ, 31 -январда Жогорку Кеңештин депутаттары ЖЭБдеги аварияга байланыштуу маселени талкуулап жатышып, бирин бири «дүжүр» аташты.
Жыйында депутат Дастан Бекешов ар бир фракциядан экиден депутат суроо берип, калган эл өкүлдөрүнүн суроо берүүсүнө чектөө киргизүү боюнча сунуш берди. Ага анын фракциялашы Рыскелди Момбеков жооп кайтарды. «Ай, ушундайыңарды токтотпойсуңарбы, дүжүрлөр! Кошоматыңарды башка жерден айтпайсыңарбы? Алты күн Бишкектин эли үшүп күтүп отурду. Бир күн чыдабай качып жатасыңар. Же өзүңөрдү сыйлабасаңар эле болдубу? Сапар Жумакадырович бир жакка шашып жатабы же качып жатабы? Бишкектин баары жылуу төшөктөргө оронуп күтүп отурат. Токтоткула дүжүрлүгүңөрдү!» деп ачууланды Момбеков.
Дастан Бекешов «дүжүр» деген сөздү Момбековдун өзүнүн дарегине жооп кылды. «Эми бул жерде «дүжүр» депутаттар жок го. Керек учурда сиз «дүжүр» катары чуркап жүрөсүз, ачыгын айтканда. Анда ЖЭБден тышкары суроо болсо чек коюш керек» деп жооп кылды Бекешов.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ