Menu

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Кыргызстан “пахандардын” өлкөсүнө айланабы?”

Бөлүшүү:

Кечээ Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутат Дастан Бекешев Өкмөттөн уюшкан кылмыштуулук тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну суранды. Ал пикирин эл өкүлү «Биз жаңы кодекстерди киргизип жатабыз, анда эмнегедир уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу бир ооз да сөз жок. Грузиянын парламенти УКТ боюнча катаал мыйзамды кабыл алганда ал жактагы «пахандардын» дээрлиги Россияны көздөй качып кетишкен. Ал эми азыр Россиянын Мамлекетгик Думасы болсо кимде ким өзүн «мыйзамдагы ууру», же болбосо «көзөмөлдөөчү» деп атаса, анда анын иш аракети кылмыштуу деп
эсептеле турган мыйзамды карап жатышат. Россия Федерациясы ошол мыйзамды кабыл алаары менен анда ал жактагы «пахандар» Кыргызстанды көздөй бет алышы толук мүмкүн. Анткени бизде алар тууралуу мыйзамдар өтө жумшак. Ошондо эмне, Кыргызстан «пахандардын импорту» болуп калабы?» деп парламентке келген ИИМдин башчыларына кайрылды, Өз сөзүндө Д. Бекешов «биздин өлкөдө өзүбүздөгү УКТлар (уюшкан кьшмыштуу топтор) жетиштүү, ошондуктан бул маселеге мыйзам аркылуу бөгөт коюп, тез арада чара көрүү керек» деди.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: