Menu

Сүйүү зары: Февралдагы ромашкалар…

Бөлүшүү:

Биздин айыл тоо этегинде. Кыш келди дегиче бапайтып кар белчеден жаайт. Аппак карга оронуп жатып калабыз. Кышты, карды жактырып сонун ырларды да жаратчумун.

Кыштын кары туш тарапка чачырап,

Жандүйнөнү ичиркентет катуу суук.

Бут алдыда кар кычырап обон салат,

Бет алдымда түн бороону удургуп.

Өзүнчө эле сезимдер удургуп, күйүп-жанган ошондой күндөрдө мен сага ашык болдум. Мен эле эмес классташ кыздарымдын баары ашык болду. Сен жөнүндө сүйлөшчүбүз. Сенин баскан-турганыңды кеп кылчубуз. Сен биздин мектептин жанып турган жылдызы элең. Ошондо керемет сонун сезимдер жандүйнөмдө уялаптыр. Жылдар өтө берди. Суулар ага берди. Биздин бактыбыз, биздин сүйүүбүз учуп кеткендей мектепти аяктаган соң сен шаарга окуп кеттиң. Бизден бир топ класс жогору болгондуктан, биз айылда сыртыңдан жактырган бойдон кала бердик. Мен дагы мектепти аяктадым. Каалаган окуу жайыма тапшырып, окуп калдым. Балалык сезимдердин баары унутулуп, жаңыча турмуш жаңыча жашоо башталды.

Бир күнү айылдаш эжелерим “конок тосот элем, жездеңдин жолдош балдары келет, келип жардамдашып койчу” деп чакырып калды. Эч нерседен бейкапар эжемдин баласын багышып, конокторго башбакпай ашкана тарапта эле жүргөм. Бир кезде жездемди издеп, мен отурган бөлмөгө бир жигит кирип келди. Көргөн көзүмө ишене албай турдум. Сен турдуң. Ооба, бир кезде мен сүйгөн, мен ашык болгон Даир. Сен дагы буйдалып, мага кадалдың. “Ой, Айдай, сен чоң кыз болуп калгансың го. Кызгалдактай кулпуруп бой жеткенсиң го” дедиң. Бул сөздөрүң ого бетер таңгалдырды. Эжеме да “Айдай сулуу кыз болуп бой жетиптир” кайра-кайра айта берипсиң.

Тагдырдын тамашасын кара. Бир кезде мен ашык болуп, арзуумду айта албай калган жигит кайрадан мени жолугушууга чакырды. Кычыраган кыш. Февраль айы эле. Экөөбүз биринчи ирет жолугуштук. Кучагың толо ак ромашкалар. Февралдагы ромашкалар… Көп узабай колумду да сурадың. Тойго даярданган апакелерибиздин кубанычын айтпа. “Өзүбүздүн кызыбыз, өзүбүздүн балабыз” деп кубангандарычы! Баарынан маанилүүсү – сенин мага болгон махабатың, мага болгон сүйүүң, мамилең эле. Айылыбызды дүңгүрөтүп той өткөрдүк. Бактылуу жылдар өттү. Жашоо-тирликке байланыштуу сен дагы алыска иштеп келүүгө мажбур болдуң. Сен алыска узап баратканда баягы сезимдер, бала кезимде мен сүйгөн жигит шаарга окуп кеткенде жандүйнөм аңгырагандай аңгырап, колумдан кимдир бирөөгө жулдуруп жиберчүдөй ичим ачышып, жөнөтүп кала бердим.

Жаңы жыл алдында баарыбызга кимдир бирөөдөн белектерди бердирип жиберипсиң. Балдарыбызга, апабызга а мага болсо кышкы аппак ромашкалар. Кубанычтан көз жашым куюлуп турду. Сен дагы биздин сүйүүбүздү аздектээриңе, бекем сактаарыңа ишенип ыйлап турдум.

 Айпери Нуркулова

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: