Кечээ, 20-январда Кабулдагы “Интерконтиненталь” мейманканасына террорчулар чабуул жасашты. Ал учурда мейманканада Кыргызстандын 7 жараны болгон. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алдын-ала маалыматтар боюнча бул террордук чабуулдан 50дөн ашык адам шейит кеткен. Ал эми Кыргызстандын жарандары аман калышты жана азыр коопсуз жерге чыгарылып кетти.
Кыргыз Республикасынын Ооган Ислам Республикасындагы элчилиги азыр ал 7 жараныбыз жана Ооганстандын укук коргоо органдары менен телефон аркылуу байланышып турат. Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жогоруда аталган жарандар менен жолугушуу аракетин көрүүдө.
Чабуул жасаган 4 торрорчунун экөөсү полиция тарабынан өлтүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ