Menu

“Жээнбеков берген байталды Жапаров келип кайта алды”: 14-октябрда Жээнбеков жоюп кеткен УКМКнын Антикоррупциялык кызматын Жапаров кайра жандандырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды.

Президенттин 2020-жылдын 14-октябрындагы «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгынын колдонулушу токтотулсун жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМК:

— Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;

— Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: