Menu

Өзбекстан валюталык операциялар көзөмөлдөнө турган оффшор аймактардын тизмесин кеңейтти

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитети менен Борбордук банкы валюталык операциялар көзөмөлдөнө турган оффшор аймактардын тизмесин кеңейтти.

Кеңейтилген тизмеге Америкалык Самоа, Аруба, Гватемала, Доминика, Кирибати, Монако, Олдернидеги Норманд аралы, Питкэрн, Сан-Марино, Сен-Мартен (Синт-Мартен), Уругвай жана Филиппин кирди.

Жаңы эрежеге ылайык, жеке жактар бир жылдын ичинде чет өлкөлүк банктагы эсепке 100 миллион сумдан ашык (10 миң АКШ долларына жакын) акча которуп жатса, банктар бул тууралуу Салык комитетине маалымат бериши керек.

Мындан тышкары банктар валюталык операциялар тууралуу маалыматтарды салык инспекциясына мурдагыдай жыл башында гана эмес, ар ай сайын берип турууга милдеттүү болот.

Президент Шавкат Мирзиёевдин 29-июндагы жарлыгы менен түзүлгөн Антикоррупциялык агенттикке да «оффшор аймактар аркылуу аткарылган каржы операцияларын текшерүү, ошондой эле кайрымдуулук, спорттук жана башка уюмдар тарабынан акчанын изин жашыруу белгилери боюнча тергөө жүргүзүү» укугу берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: