Menu

Баткендин губернатору Жеӊиш Разаковдун талапкерли вице-премьер-министрликке көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет премьер-министр тарабынан чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат ордуна сунуш кылынган Жеӊиш Разаковдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Жеӊиш Разаков буга чейин өкмөттүн чек ара маселелери курчуп турган Баткен облусундагы өкүлү болуп иштегенин, ал чек ара маселелерин чечүүгө түздөн-түз катышып келгенин, көйгөйлүү маселелерди жеринен жакшы билерин билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Жеӊиш Разаковго чоӊ ишеним артылып атканын белгилеп, комитет мүчөлөрүнүн атынан анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, 2016-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеӊеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда өкмөт башчыга өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ордун ачуу сунушу берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: