Menu

Фото – Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Жогорку Кеңештин модели – 2016” аттуу иш- чара болуп өттү

Бөлүшүү:

Борбордук Азиядагы Америка университетинде Кыргызстанда алгачкы жолу студенттер үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдырган “Жогорку Кеңештин модели – 2016” аттуу иш- чара болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарында билим алып жаткан 80ге жакын студент катышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш- чаранын максаты жаштардын келечекке болгон ой-максаттары, өлкөнүн өнүгүшү жаатындагы сунуш-пикирлери КР Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизинде салыштыруу менен чагылдырып, мамлекеттин жашоо-турмушуна, жаштар саясатын иштеп чыгып, жүзөгө ашырууга катыштыруу болуп, жаштардын консультативдүү – кеңеш берүүчү платформасы жаралды. Жыйын жүрүшүндө “Жогорку Кеңештин модели – 2016” иш-чарасынын депутаттары болгон студенттер мыйзам долбоорлорун демилгелеп, талкуулап, добуш берүү менен кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин модели - 20163Жогорку Кеңештин модели - 2016 2Жогорку Кеңештин модели - 20164

Иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сөз сүйлөп, мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерге мыйзам жазуу боюнча багыт берди.

Долбоор Эл аралык билим боюнча Америка кеңештеринин  өкүлчүлүгүнүн жетегинде ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан каржыланып, “Жогорку Кеңештеги тажрыйба алмашуу – 2016” программасынын алкагында ишке ашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: