Бүгүн, 28-июнда КР Жогорку Кеңешинин “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова фейсбуктагы талкуулардын биринде минтип жазды:
“Шашпай чыдап тургула, ноябрь айында референдум өтөт, кийинки жылдын февралында парламент таркатылат. Баарына, бийликтин көзөмөлүндө тургандарга да ушундай буйрутма берилди. Анан Улуу урматтууңар менен эле өзүңөр каласыңар…”
Чолпон айымдын бул текстинен улам быйылкы жылдын ноябрь айында конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөрүн, анан конституция өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу 2017-жылдын февраль айында парламент таркай тургандыгын түшүндүк. Мындай тымызын буйрук бийликтин жогорку эшелонунан бийликчил фракцияларга, алтургай калп эле оппозиция болуп, бирок толук бойдон бийликтин көзөмөлүндө турган фракцияларга да келип түшкөнү айтылат. Парламент таркагандан кийин өзүңөр “сүйгөн” президентиңер менен каласыңар деп какшыктайт.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ