Menu

Ош облусунда аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо боюнча долбоор башталат

Бөлүшүү:

Ош – Долбоор аялдарды жана кыздарды үйдөгү зомбулуктан коргоодо жана алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууга түрткү берет. Долбоор тууралуу толугураак маалыматты “ДИА” коомдук фонду атайын боло турган пресс-конференцияда айтып берет, ал 2016-жылдын 28-июнунда, саат 10:30да, “Акипрес-Ош” маалыматтык агенттигинде болот.

“Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору USAID жана DFID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ишке ашырылууда.

Долбоордун негизги максаты – ЖӨБ органдарынын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү институттардын өкүлдөрүнүн кабардар болуусун жогорулатуу жана аялдарды үйдөгү зомбулуктан коргоодо биргелешип аракеттенүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Иш-аракеттердин улуттук планын (ИУП) ишке ашырууга көмөктөшүү.

“ДИА” долбоорунун директору Авазкан Ормонованын айтуусу боюнча тажрыйба ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү “Аялдарды үйдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн үйдөгү зомбулуктун алдын алууда ИУПтун негизги багыттарын, өзүнүн ролун жана жоопкерчилигин дайыма биле беришпей тургандыгын көрсөтүп турат. Долбоор Ош облусунун Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун тогуз айыл аймагында ишке ашырылмакчы.

Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: