Menu

СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев Японияда Кыргызстанды кантип уят кылган

Бөлүшүү:

Өткөн жумада СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев “Массалык маалымат каражаттары тууралу мыйзамга”  өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды талкуулап жатып “биз журналисттерди өтө эле эркелетип жибердик” деп күпүлдөдү.

Чындыгында Атамбаевдик бийлик Кожобек Рыспаевди өтө эле эркелетип, ал өзүнүн жүрүш-турушу менен Кыргызстанды чет жерлерде уят кылып келатса да жаап-жашырып, колдоп келатышат.  Президент жана анын аппараты, депутаттардын көбү жакшы билген анын жосунсуз жоруктарын карапайым эл биле турган болсо төбө чачтары тик турмак.

2014-жылы Япония мамлекети өзүнүн эсебинен 15тей кыргыз депутаттарын жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чакырып, Япониянын шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрүн окутуу боюнча 12 күндүк окуу семинарларын уюштурат. Кыргызстандагы япон элчилиги биздин депутаттардын авиабилеттерин, 5 жылдыздуу мейманкана жатагын, 4 маал тамак-ашын төлөп, мыкты окуу залдарын, лекторлорун жалдап берген. Япондун мыкты саясатчылары жана саясат талдоочулары, шайлоо системасынын адистери менен жолугушууларды, пикир алышууларды  уюштурушуп өтө олуттуу иш чараларды даярдаган экен.

Кыргызстан тарап КР Президенттик аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбаев баштаган аткаруу бийлигинин 7 өкүлүн жана КР Жогорку Кеңешинин 8 депутатын бул иш чарага аттантат. Бу 15 кишиден турган делегациянын курамында ошол кезде түзүлгөн КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча комиссиянын да мүчөлөрү бар эле. Кыргыз парламенти жөнөткөн депутаттардын арасында Кожобек Рыспаев, Нурбек Алымбеков, Нургазы Айдаров, Акылбек Эшимов, Равшан Жээнбеков, Бахтияр Кадыров, Эркин Алымбеков жана башкалар бар болчу.

Япон тарап баргандын эртесинен тартып окууларды уюштура баштайт. Кыргыз делегациясы ал окууларга катышып, шайлоонун япондук системасын үйрөнүүгө аракеттенишет. Бирок, депутат Кожобек Рыспаев баштаган 3 депутат барган күндөн баштап мейманканадан чыкпай, баш көтөрбөй ичишип, такыр семинарларга катышпай жатып алышат. Япон тарап “аларга эмне болду?” деп тынсызданып кайра-кайра сураган сайын кыргыз делегация курамы ар түрдүү калп менен актанып уят болушат.

Окуу семинарлар аятаган күнү япон парламентинин спикери кыргыз делегациясы үчүн сый тамак бергенде гана жанагы Кожобек Рыспаевдин тобу мас бойдон ошол жерге темтеңдеп келишип, какырынып-түкүрүнүп, эч кандай этикетти сыйлабай ой-тоону сүйлөп бакылдап, обу жок каткырышып, өздөрүнүн 10 күндөй ичип жатышканын эрдик көрүп мактана башташат. Япон парламентинин комитет төрагалары менен депутаттары алардын кебетесин карап баш чайкап күлгөндөн башкага жарашпайт. Кожобек Рыспаевдин бул кылыктарынан уялган айрым кыргыз депутаттары япон депутаттарынан кечирим сурап кечки сый тамактын мөөнөтүн кыскартышкан.

Эми ушул киши кыргыз коомчулугуна акыл үйрөтүп, мыйзамдарды жазып, журналисттерге сын тагып, СДПКнын ардактуу депутаты болуп жүргөнү күлкүнү гана келтирет.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: