29-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун демилгеси менен 5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө токтом долбоору каралып, кабыл алынды.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген 5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө токтом долбоору каралып, колдоого алынды. Депутат Гүлшат Кадыровнанын сунушу боюнча аталган токтом-долбоорго «жана улуттук кийимдер күнү» деп кошумча киргизүү сунушталып, демилгечи тарабынан колдоого алынды.
Жалпы добуш берүүгө 80 депутат катышып, 80 депутаттын макулдугу менен официалдуу түрдө «5-март Ак Калпак жана Улуттук кийимдер күнү» деп бекитилди.
Эскерте кетсек, 5-март күнүн 2011-жылы кинорежиссер Ырысбек Жабиров тарабынан “Ак калпак күнү” деп демилге көтөрүлүп, бирок официалдуу эмес түрдө эл арасында майрамдалып келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ