Menu

Алмас, Турдумаматов, журналист: “Сарттар менен аркалыктар кимдер?”

Бөлүшүү:

Учурда кыргыз журтчулугунда айрымдар бир-бирин «аркалык», «сарт» деп аташары да белгилүү. Мында «аркалык», «сарт» сөздөрү терс мааниде колдонулуп, кабыл алынат. Бул сөздөрдүн түпкү мааниси жана чечмелениши кандай?
Аркалык
Бүгүнкү кыргыз тилинде «аркалык» сөзү «сырт», «түндүк» маанисин билдирет. Жээмбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүндө» бул сөздүн дагы үч-төрт мааниси келтирилет. Негизгиси – түндүк райондордо жашаган эл, адам деп чечмеленет. Андан тышкары, төрт бурч, жука металлдан жасалган, кыздар тагынчуу кооздук – аркалык делет. Бир нерсенин аркасына, жонуна коюлуучу буюм да «аркалык» деп аталат экен. Памирлик кыргыздар «аркалык» деп – кыз узаарда чачка тагуу үчүн ар турдүү кооздук берүү жөрөлгөсүн айтышат.
Тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаевдин изилдөөлөрү боюнча бизге тектеш тувалыктардын тилинде «аргалык» деген сөз – «токойлуу жер, «тоо» маанисин туюнтат. Ошондо аркалыктар деп тоолуктарды же токойдо жашагандарды айтышат. Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун чөлдүктөрү (өрөөндүктөр) тоолук туугандарын «аркалыктар» деп айтып калышат. Аны менен катар тувалыктар «аркалык» деп «айлакер», «акылдуу» өңдүү адамдык сапаттарды сыпатташары белгилүү.
Айтмакчы, кыргызда кеңири таркаган мунгуш уруусунун курамында «аркалык» деген урук бар экени маалым. Мунгуш уруусунун өкүлдөрү негизинен Ош облусунда турушат.
Сарт
Сарт – дүйнөдөгү эски сөздөрдүн бири. Байыркы санскрит тилинде (3,5 миң жыл илгери колдонулган) «sartga» – «соодагер» дегенди түшүндүрөт. Орто кылымдарда жашаган Махмуд Кашгари бабабыз өз «Сөздүгүндө» бул терминге жогорудагыдай эле мааниде аныктама берет.
Тарыхчы Олжобай Караевдин маалыматы боюнча, байыртадан көчмөндөр тарабынан отурукташкан иран-түрк тилдүү элдер «сарт» деп аталып келерин болжолдойт. Алардын ичинде кыргыздар да отурукташып, жер иштетишкен, соодагерлик кылган калкты жалпысынан «сарт» деп аташканы маалым. «Базары жакын байыбайт» деп чайкоочулукту жактырбаган кыргыздар улутуна, уруусуна эмес, кесибине байланыштуу «сарт» деген терминди соодагерлерге караштуу терс мааниде колдоонусу мүмкүн.
«Кыргыз этнонимдер сөздүгүндө» кыргыздын оң канатынын курамына, адигине уруулук тобуна – сарттар – ири уруусу кирери айтылат. Бүгүнкү алтайлыктарда «сарт», тувалардын курамында «сат» сөөктөрү (уруулары) кездешет. Андыктан, тарыхчылар, сарттар уруусун кыргыздардын курамындагы эң байыркы этнокомпонент катары кароого негиз бар дешет.
Саха-якут, монгол жана башка алтай тектүү тилдерде «сарт» деген сөз «ылаачын, шумкар» дегенди аныктайт. Демек, сарттар – «шумкарлар, ылаачындар уруусу» дегенди түшүндүрөт десе болот.
Ал эми хакас профессору Виктор Бутанаев «сартха» терминине «атканда үн чыгаруучу жаанын жебеси» маанисинде аныктама берет.
«Манас» эпопеясынын айрым варианттарында Самаркан жери Манастын мекени катары айтылып, өзү «Самаркандык сарт Манас» деп аталары белгилүү. Андыктан «аркалык», «сарт» деп атаса ага арданганыбыз туурабы?
Түндүк – Түштүк
Азыркы кыргыздардын түндүк-түштүк бөлүнүүсү – географиялык жактан дагы так эмес. Мисалы, түндүк аймакка кирет делген Нарын шаары география жагынан алганда Аксы, Ала-Бука райондоруна параллель, ал эми Ат-Башы түштүгүрөөк жайгашкан…. Таш Рабат, Чатыр Көл – Жалал Абад шаарынан дагы түштүгүрөөк болот. Картадан карап көргүлө…

Алмас, Турдумаматов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: