Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Текебаевге арналып чыккан “Миссия” аттуу китептин презентациясы болду.
Китепте Кыргызстандагы 2000-жылдан тарта 2017-жылга чейинки саясат боюнча очерктер, макалалар жана документтер камтылган. Китептин тиражы 1500 экземплярды түзгөн.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун айтымында, китеп Кыргызстандын 25 жылдык тарыхын өз ичине камтыйт.
Ошондой эле, депутат Каныбек Иманалиев китептин сатыкка чыкпай тургандыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ