Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу КРдин президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы долбоорлорун талкуулоо боюнча эки маселе каралды. Ошондой эле, мамлекет башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кире тургандыгын эске салды.
Ал ушул жылдын май айында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйналышы өтүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Жарлыкка кол коюлганын, анда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүүгө даярдык көрүү иштерин кечиктирбей бүткөрүү тапшырмасы берилгенин айтты. Бүгүн ошол Жарлыктын аткарылышын карап, тиешелүү тыянак чыгаруу зарыл экенин, мамлекеттик органдардын даярдык иштеринин жыйынтыгын карай тургандарын белгиледи.
Ошондой эле Мамлекет башчысы сот-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча Эксперттик жумушчу топту түзгөнүн жана ал топ көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн анын тапшырмасы боюнча 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөргөнүн, бардык региондордо мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ