Menu

Өзбек жараны Кыргызстанга машиненин багажнигинде өтүүгө аракет кылды

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек арасынан машиненин багажнигине бекинип өтүп жаткан адам кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 6-май күнү Баткен облусунун аймагында жайгашкан “Ак-Кыя” бекетинин жоокерлери “Hyundai Starex” автоунаасын текшеришкен. Машиненин багажнигинде Өзбекстандын жараны болгон. Териштирүү учурунда өзбек жаранынын тек-жайын тастыктаган документтер жок экени, Кыргызстанга жашыруун жол менен келатканы аныкталды.

Айдоочу жана коңшу өлкөнүн тургуну Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда бир канча жыл жабык турган кыргыз-өзбек чек арасы 2017-жылдын күзүндө ачылып, ары-бери каттоо жанданган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: