Menu

Өзбекстанда ардагерлерге акчалай сертификаттар берилет

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 1173 катышуучусу коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн 300 миң сумдук (37 доллардын тегерегинде) сертификаттарды алышат. Бул тууралуу УзА агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, бул үчүн акча мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.

Буга чейин өлкөдө ардагерлерге, фашисттик концлагерлерде болуп кайткандарга жана Ленинград блокадасына катышкандарга бекер азык-түлүк жана кийим берүү чечими кабыл алынган.

Андан тышкары Өзбекстан ар бир ардагерге мурда согушкан жерлерине барып келүүсү үчүн акысыз жолдомо берип, Ялта жана Кисловодск шаарларындагы «Өзбекстан» санаторийлерине жөнөтөт.

Мурдараак өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына 5 миллион сумдан бир жолку сыйакы берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: