Menu

Өлкө аймактарында 2020-жылдын 14-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча жалпысынан    20 819    муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 34,0 тонна ун, 11 325 азык-түлүк корзинасы даярдалып берилди. Анын ичинде макарон, өсүмдүк майы, күрүч, кумшекер бар.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 300 тонна ун 6000 үй-бүлөгө таратылды.

Чүй облусунун конуштарына Өкмөт тарабынан 70 тонна ун жана 8,4 тонна кумшекер 2800 үй-бүлөгө таратылды. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 2,7 млн сомду түздү.

Ош шаары

Шаар боюнча муктаж 9, 267 үй-бүлөгө жардам катары 187 тонна ун, 8000 кг макарон, 9200 л өсүмдүк майы, 4000 кг күрүч, 3200 кг кумшекер, 808 кг эт, 27800 кг картошка берилди. Финансылык жардамдын жалпы суммасы 13 855,5 миң сомду түздү. Демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүү үчүн Ош мэриясындагы атайын эсепке 4,3 млн сом акча каражаты түшкөн.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан коронавирус илдетин жугузуп алган оорулууларды карап жаткан 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирилди (ар бирине 1 каптан ун жана 1000 сомдук азык-түлүк пакеттер берилди).

Мындан тышкары, Ош шаарындагы «Кардио-Азия» жеке менчик клиникасында коронавирус инфекциясына чалдыккан жарандарды дарылап жаткан 12 дарыгерге, 22 оорулууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1000 сомдук азык-түлүк пакеттери берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 0,8 тонна хлор, 54849 даана беткап, 1697 л антисептик, 414 даана коргоо костюмдары, 212 даана кол каптар жана башка каражаттар берилди. Финансылык жардамдын жалпы суммасы 2968,0 миң сомду түздү.

Анын ичинен Кытай Эл Республикасынын Фошань боордош шаарынан 30 миң даана медициналык беткап, 100 даана инфракызыл термометр жана 100 даана медициналык бир ирет колдонуучу формалар келген. Келген гуманитардык жардам медицина, укук коргоо жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлүп берилди.

Ош облусу

Аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө. Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө 1 939 тонна 320 кг ун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 831 тонна 850 кг ун, 14 965 кг макарон, 85 301 л өсүмдүк майы, 32 т 486 кг күрүч, 6441 кг кумшекер, 4 296 кг эт, 28 т 700 кг картошка берилди.

Жалпысынан 52 миң 209 үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен жеке тараптардан 35 352 үй-бүлөгө, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 16 857 үй-бүлөгө гуманитардык жардамдар берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 146 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 11тонна 900 кг хлор, 232 598 даана бет кап, 1540 л антисептик, 3339 даана коргонуу кийимдери, 378 080 даана кол кап, 8 тепловизор берилди.

Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир жасалма дем алдыруучу жабдуу, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди.

Чүй облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1232,4 тонна ун, 23630 кг макарон, 27549 литр өсүмдүк майы, 14125 кг күрүч, 21371 кг кумшекер, 6080 кг эт, 27633 кг картошка, 1370 кг таттуулар,752 кг чай берилди.

Мындан тышкары, 6 баш кой жана 10 баш уй берилди. Жалпысынан 22463 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 32457 тонна хлор, 111755 даана бет кап, 4811,2 л антисептик, 2201 даана коргонуу кийимдери, 51221 даана кол кап, 89 тепловизор жана термометр, 717 атайын көз айнек берилди.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр тарабынан 6442 үй-бүлөгө жалпысынан 565,86 т ун, 42187 литр май, 9595 кг күрүч, 8136 кг макарон, 975 кг пияз, 100 кг сабиз, 2530 кг картошка, 530 кг туз, 2542 кг кум шекер, 96 даана чай берилди. Мындан сырткары, 14 027 үй-бүлөгө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 633 тонна ун таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6600 даана бет кап, 1000 литр хлор, 3 дары чачуучу аппарат, 800 даана салфетка, 100 миң сомдук дары дармек, 370,4 миң сомдук азык-түлүк жана 300,0 миң сомдук акчалай жардам медицина тармагына жардам көрсөтүлдү.

Жалал-Абад шаары боюнча «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондунан 25 үй-бүлөгө 25 миң сом, «Кызыл ай коому» 60 үй-бүлөгө 50 миң сом, «Слодасти Багери» ЖЧКсы 45 үй-бүлөгө 49,5 миң сом, жеке жаран 15 үй-бүлөгө 12,7 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 үй-бүлөгө 15000 сом акча каражатына 257 үй-бүлөгө азык-түлүктөрдү таратып беришкен.

Чаткал району боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 т ун, компаниялардан 76,45 т ун, 5000 литр май, 2000 кг күрүч, 2011 кг кумшекер, жеке ишкерлерден 85 кг макарон, 66 литр май, 58 кг күрүч, 11 кг кум шекер 1393 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылган.

Баткен облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 499,4 тонна ун, 12601 кг макарон, 23500 л өсүмдүк майы, 2036 кг күрүч, 3170 кг кумшекер, 1451 кг эт, 2315 кг картошка берилди. Жалпысынан 8427 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 3 млн 348 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 5,9 тонна хлор, 92563 даана бет кап, 1843 л антисептик, 1565 даана коргонуу кийимдери, 12126 даана кол кап берилди.

Ысык-Көл облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 485 т 90 кг ун, 22 т 670 кг макарон, 15129 л өсүмдүк майы, 7 т 76 кг күрүч, 7 т 61 кг кумшекер, 730 кг эт, 8 т 124 кг картошка берилди. Жалпысынан 12 миң 816 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө хлор – 2260 кг, 57 315 таблетка, 2332 л, 86450 даана бет кап, 2322 л антисептик, 1229 даана коргоо костюмдары, 162 698 даана кол кап берилди.

Нарын облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 330 тонна ун, 4 тонна 819 кг макарон, 8 тонна 724 л өсүмдүк майы, 1 тонна 930 кг күрүч, 1 тонна 170 кг кумшекер, 934 кг эт, 278 кг чай берилди.

Жалпысынан 7272 үй-бүлөгө жардам берилди.  Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7615 кг хлор, 118 221 даана бет кап, 2291 л антисептик, 18 456 даана кол кап берилди.

Талас облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 172 тонна 650 кг ун, 3 тонна 685 кг макарон, 2318 л өсүмдүк майы, 5 тонна 125 кг күрүч, 100 пачка чай жана 472 кг кумшекер таркатылып берилди. Жалпысынан 1988 үй-бүлөгө жардам берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 304,6 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6 тонна 744 кг хлор 65180 даана бет кап, 1403 л антисептик, 670 даана коргоо костюмдары, 3705 даана кол кап берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: