Menu

Тазабек Икрамов Өкмөттүн өкүлүнө: “Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон жоокерди Москвага алып баруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-майда парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов чек ара көйгөйүн көтөрүп, жарадар болгон бир аскерге Москвада операция керек экендигин айтты.

“Чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктайм.  Мен чек ара маселеси боюнча өкмөткө бир нече жолу кайрылгам. Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда 3 адам жаракат болду. Бүгүнкү күндө бирөөсүнүн абалы өтө оор. Ал жоокердин ден соолугун кароо, аны дарылоо үчүн Москвага алып баруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Ал өз мекенин коргоп, жаракат алган. Жакындары аны Москвага алып барып, операция жасоо маселеси боюнча кайрылып жатышат. Ушуну тез арадан чечишиңиздерди талап кылат элем”, – деп Тазабек Икрамов өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Ошондой эле ал чек араларды чыңдоо үчүн каражаттар бөлүнбөй жатканын айтып, нааразы болду.

“Урматтуу өкмөт, беш жылдан бери чек ара маселесин айтсак, беш жылдан бери оң кулактан кирип, сол кулактан чыгып кетип жатат. Ушул маселени тез арада чечиңиздер” – деди Тазабек Икрамов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: