Шаар аттарын жаңылбай айтып, “географ” атка конгон Кайрат аттуу жаран паспорт алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кечээ, 28-майда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Көпчүлүк мага окшоштуруп жаткан Кайратка бүгүн паспорт алдык. Бул жаңы жашоого болгон алгачкы кадам. Буюрса, жакынкы күндөрү Кайраттын дагы башка ийгиликтерине күбө болосуздар”, – деп жазган Сулайманов.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет айдыңында бир эле өлкөнүн эки-үч шаарын жаңылбай айткан адамдын видеосу коомчулукта талкуу жараткан. Дал ошол адам убакыттын өтүшү менен сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштаган. Ал эми соцтармактын колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ