Menu

Өз элинин эмес, Маскөөнүн батасына ишенген Темир Сариев “эрте учуп” алдыбы?

Бөлүшүү:

Темир Сариевдин да «президент болсом» деген амбициясы аябай «көөп-шишип» баратканы белгилүү. Премьер-министр кезинде көбүрөөк мамлекетке пайдалуу иштерди жасагандын ордуна көбүрөөк пиар-жүрүштөрдү жасоо менен алек болгонун да жакшы билебиз. Жайындасы топ тээп, кышындасы лыжа тээп, ара-чолодо турникке тартына калып «полковниктин нормасын аткардымбы?» деп мактанып эле басып жүргөнчө отставкага кете турган убактысы келип калган. Көпчүлүк «Бизге полковниктин нормасын эмес, премьер-министрдин гана ишин жасаган башбакан керек» деп анын пиар-жүрүштөрүнө ичтери чыкпай калган эле.

Мына ушул «пиарщик» саясатчы жакында эле Маскөөгө барып келип «Мен Кремлдегилердин батасын алып келдим» деп дардалаңдап, мурду-башы барбалаңдап келди дешти. Кимисинин батасын алганын ким билсин, иши кылса Маскөөдөн келгени чын экен. Эске сала кетсек, оо бир убакта Ош шаарынын экс-«кожоюну», «арстан, шер» Мелис Мырзакматов да өзү тууралуу «Кремлдегилер менен жолугуп жүрөт» деген маалыматты атайылап тараттырган эле. «Ким менен жолугуп жүрдү болду экен?» деп кызыккандар көп болгон. «Кремлдегилерге жолукса катуу кеткен го» деп анын «аптарыйкатын» аябай көтөргөндөр болгон. Көрсө Мырзакматов Маскөөгө барып, Кремлдин жанындагы Кызыл Аянтта ары-бери басып, Аянттын ар жак башындагы Ленинге окшош киши менен бир сүрөткө түшүп, берки башындагы Ленинге окшошу менен дагы сүрөткө түшүп жүргөн экен да. Анын Кремлден жолуккан кишилери ошол эки «Ле­нин» болуптур.

Эми Темир Сариевдин кайсыл «Ленинге» жолукканын билбейбиз. Балким Сталинге окшош адам менен сүрөткө түшкөндүр. Николай-2ге окшошу деле бар ал жак­та. Кандай болгон күндө да «Мен Маскөөдөн бата алып келдим» деп мактангандын бүгүнкү күндө кан­дай зарылчылыгы бар деген гана суроо жаралып атат да. Ушинтип ар кайсыл жактан «бата» алдым деп мактанып жүргөнчө өзүнүн артындагы калбырларын тазалап албайбы десең. Анын премьер-министрлик кызматтан Балыкчы-Корумду жолунун курулушунун тендеринен улам кеткенин баарыбыз жакшы билебиз. Бул жолду куруу учун тендерден ут­кан компаниядан ири суммада акча алган деген кептер дагы деле желип- жортуп жүрөт. Анын үстүнө ошол Балыкчы-Корумду жолу дагы деле бүтпөй турат. Эгер Темир мырза популист болбой, пиар менен гана алектенип жүрө бербегенде иш таптакыр башкача болмок. Кыргыз элине «пиарщик» жетекчи эмес, жасап аткан ишине мактана бербеген же­текчи керек экенин билип алганы дурус болчудай.

Баса, Темир мырзанын прези­дент болуу максатына чоң кедергисин тийгизе турган жагдай бар. Аны да убагында өзү жасап алган. Бир нече жыл мурун ал Сокулук районунун эли менен жолугушууда элди түндүк-түштүккө бөлгөн чакырык жасап алган эле. Кыязы ал убакта анын «президент болом» деген дымагы таптакыр болбосо керек. Өлкөбүздүн түштүк аймагынан келген мекендештерибизди «сарттар» деп атаганы али күнчө элибиздин эсинде сакталуу.

Ал эми 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин банк ячейкаларынан табылган миллиондор чырына да катыштыгы бардыгын жашыруу кыйын. Азыр деле интер­нет булактарынан Т. Сариев менен А. Бекназаровдун «бир миллионду кантип жымырып койсок болот?» деген суроо менен бири-биринин башын оорутуп аткан аудиожазууну тапса болот.

Дагы бир жагдай, ал премьер-министр кезинде кант бизнесин калкалап, анын арты менен чөнтөгүн кампайтып турчу деген кептер бар. Жел жүрбөсө чөптүн башы жөн эле кыймылдай бермек беле?

Анан дагы ушул Маскөөдөн барып бата алып келдим деген мактанычты эми жыйыштырып эле коюшса жакшы болор беле? Же Кыргызстандын президентин Маскөө шайламак беле? Кыргызстандыктар шайлайт да.

Булак: “Де-Факто” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: