Жайыл районунда кошунасын өлтүргөн деп шектелип 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИББнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-январь күнү билдирди.
Маалыматка караганда, 1-январда түнкү саат 03:00дө Жайыл районунун ИИБне Ставрополовка айылындагы үйлөрдүн биринде жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган.
Белгилүү болгондой, 31-декабрда жаңы жылды майрамдап жаткан учурда 47 жаштагы үйдүн кожоюну үй-бүлөлүк жаңжалдан улам, 46 жаштагы М.Э. аттуу кошунасын атып салган. Ал ооруканага бара жаткан жолдон каза болгон.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Х.В. кармалган. Шектүү адам убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган. Сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ