Menu

Видео – Журналист Болот Темировдун сабалышы тууралуу Искендер Матраимов пикирин билдирди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов журналист Болот Темировго кол салуу боюнча пикирин өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирип, төмөндөгүдөй пост калтырды.

Анда ал: “Эгер журналисттин сабалышы – анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, анда ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы – мыйзамга каршы аракет. Тиешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл”, – деп жазган.

Эске сала кетсек, журналист Болот Темиров кол салуу болгону тууралуу өзү кабарлап, ага тилектештик кылуу максатта кесиптештер жазып чыккан. Анда анын журналисттик ишмердүүлүгүнө карата кол салуу болгондугу тууралуу айтылып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган. Тагырагы, журналист анын жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө кылып жүргөнү баса белгиленип, Матраимовдор коомчулук тараптан катуу сынга алынган жана алынууда.

Ошондой эле, журналистке кол салган фактыны териштирүүнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алганы тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн билдирген.

Журналистке кол салууну төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: