Menu

Зилалиевдин иши: күбө 19,7 млн сомдук жайды ким сатып алганын айтып берди

Бөлүшүү:

8-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча кылмыш иши кароо уланды. Сотту сот А.Эсенбаев алып барууда. Азыр күбө сот алдында чыгып сүйлөп жатат. Анын айтымында Токтогул, 110/Орозбеков көчөсү дарегиндеги көп кабаттуу үйдү ал курган.

“2016-жылы Нурбакыт Абдыбеков деген жаран 19 млн 705 миң 350 сомго жашоого мүмкүн болбогон 241,8 чарчы метр квадрат аянты бар жайды сатып алган. Бул толугу менен үчүнчү кабат. Биринчи жолу көргөнү келгенде, сатып аларына күмөн санагам, өтө эле жаш жигит экен. Экинчи жолу 65-70 жаштардагы улуу киши менен келди. Үчүнчү жолу жаш жигит нотариус менен келип, сатып алуу келишимин каттадык”- деди ал.

Прокурор ал жайдын абалы жөнүндө сурады.

Күбө бул бизнес-борбордун үчүнчү кабаты толугу менен сатылганын айтты.

“Сиз өз көрсөтмөңүздө ал жайды Зилалиев сатып алганын кийин билгениңизди айткансыз. Кантип билдиңиз?” – деп прокурор сурады.

“Мага кошуналарым айтты. Нурбакыт Д.Зиалиевдин жакын тууганы экенин билишет экен. Нурбакытты ошол бойдон көрбөдүм. Сатып алуунун жагдайын толугу менен Марлен Ажиканов билет. Ошол инженер-курулушчубуз алек болгон”. – деди күбө.

Жактоочу Богданова имарат кимге тиешелүү экенине, ким курганына кызыкты. “Аталган кабаттын эксперттик баасы 338 миң 500 доллар же 23,5 млн сом экен. Чын эле ошондойбу? Чыныгы баасы эмне болду?” – деп сурады.

Күбө үчүнчү кабатты толугу менен 19,7 млн сомго сатканын айтты.

“Саткандан кийин ремонт жасалдыбы?” – деди жактоочу айым. Күбө сатылгандан кийин ал жакка басып барбаганын айтты. “Мен Нурбакытты 2 жолу гана: биринчи көргөнү келгенде, анан нотариус менен келишим түзгөндө көрдүм. Акчаны накталай алгам”, – деп күбө кошумчалады. Жактоочу Нурбакыттан мынча сумманы кайдан тапканын сурап-сарбаганына кызыкты. Күбө сурабаганын айтты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: